Биз менен байланышыңыз

Бишкекте фармзавод жана биолаборатория курулары айтылды

Кыска кабар | 16 Июн 2023 | 395 | 0

«Бишкек» эркин экономикалык аймагына инсулин жана дары-дармек чыгарган завод курулат. Бул тууралуу маалымат жыйында BIOPHARMAX компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев билдирди.

Ал Министрлер кабинети жер бөлүп бергенин, курулуш башталуу алдында турганын айтты.

«Бүгүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда биринчи жолу болмокчу жана заманбап курулуп, иши роботтоштурулат. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрден ашык болмокчу», — деди ал.

Ошондой эле Сагынбаев бир канча биолаборатория жана дары-дармек чыгаруу боюнча негизги завод куруларын белгиледи.

«Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн АКШ долларын, ал эми долбоор ишке ашырылгандан кийин 1 миңден ашык жумуш орду түзүлмөкчү», — деп кошумчалады ал.

Copyright © 2017 Maral FM