Биз менен байланышыңыз

Баткен облусунда «Агро форум-2023» болуп өттү

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 164 | 0

13-июнда Баткен облусундагы айыл-чарба багытын өнүктүрүүгө, айыл-чарбадагы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого арналган «Баткен Агро Форум-2023» иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу «Маралга» Баткен облусундагы ЖИАнын өкүлү Муратбек Газыев билдирди.

Газыевдин айтымында, иш-чара өнөктөштөр менен бирге уюштурулуп, анда багбанчылык, дыйканчылык, мал чарбасы, кайра иштетүү  боюнча спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүшүшкөн.

«Форум ишкерлер үчүн айыл-чарба тармагындагы акыркы жаңылыктар, бул багыттагы жаңы технологиялар боюнча пайдалуу маалымат алмашуу аянтчасы болду», — деди Газыев.

Ошондой эле аталган иш-чара айыл-чарба продукцияларынын жарманкеси менен коштолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM