Биз менен байланышыңыз

«Кыргызавтожол» ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 212 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун 14-июндагы буйругу менен Жумаш Содомбаев Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады.

Жаңы директор жол тармагында 44 жыл эмгектенген. Буга чейин Транспорт министрлигинин «Жол чарба» департаментинде директордун орун басары, директор, «Кыргызавтожол» ишканасында директордун биринчи орун басары кызматтарын аркалаган.

Өткөн айда Бишкек шаардык прокуратурасы «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына текшерүү жүргүзүп, бюджеттен 10 млн 263 миң сом кымырылып алынганын аныктаган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкананын жетекчисине Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу), 339-беренеси (билип туруп пайдасыз келишим түзүү),  210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен иш козголгон.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы 2022-жылы январда түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM