Биз менен байланышыңыз

Эртең Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 1127 | 0

Эртең, 16-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 17-июлдан 31-августка чейин күнүгө аткарылат.

«Поезддин курамында панорамалык терезелери, кондиционер, муздатылган жана ысык суу, сыналгы жана башка техника менен жабдылган люкс вагон бар», — деп айтылат маалыматта.

Бишкектен жүргүнчү поезд саат 07:40та чыгып, Балыкчыга шаарынын Озерная көчөсү, 3 дарегинде жайгашкан станцияга саат 11:42де келет.

Ал эми Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет.

Билеттин баасы, жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин күн тартиби жана көрсөтүлгөн кызматтар тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү номерлер боюнча күнү-түнү, демалышсыз кайрылсаңыздар болот: 0705 076696, (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM