Биз менен байланышыңыз

Ишкерлерди ийгиликке жеткирген беш жылдык долбоор

Коом | 15 Июн 2023 | 376 | 0

Кыргызстанда беш жылдан бери иштеп жаткан «Конкуренттүү ишкана» долбоору жыйынтыкталды. Ал USAIDдин колдоосу менен жүзөгө ашырылып, беш жылдын ичинде аймактардагы ишкерлерге жардам көрсөтүлүп, жумуш орундар түзүлүп, үй-бүлөлөрдүн тирилигин жакшыртууга көмөктөшкөн. Ишкерлер аталган долбоордон кандай пайда таба алды? Канча иш орун түзүлүп, өлкө экономикасына кандай таасир этти? 

Акылбек Жакшымбеков Талас облусундагы «Берен» айыл чарба кооперативин жетектейт. Ал 10 жылдан бери төө буурчакты экпорттоо менен алектенип келет. Жергиликтүү төө буурчак жалпысынан 12 мамлекетке чыгарылат. Буга чейин жети дыйкан чарба биригип иштеп келсе, азыркы тапта 75 чарба бириккен.

«Конкуренттүү ишкана» долбоорунун колдоосу менен төө буурчак тазалаган аппарат алынып, өндүрүм жогорулап, экспортко чыгаруу көлөмү да өскөн.

«Мурун жети чарба экенибизде өндүрүмдүүлүгүбүз 100-200 тоннага араң жетип турчу. Учурда 1000-2000 тоннага чейин өндүрүп, башка мамлекеттерге экспортко чыгарып жатабыз. Биздин төө буурчак чет өлкөдө атаандаштыкка туруштук бере алат, анткени сапаты жогору, ошондуктан аябай бааланат».

Жалал-Абад облусунан келген ишкер Амирбек Масиралиев жети жылдан бери Жалал-Абад, Ош жана Бишкек шаарларында таштандыны кайра иштетүү менен алектенет.

Ал 2020-жылы долбоорго кабыл алынып, каржылык жардамдын аркасы менен жаңы жабдууларды алууга, чоң ишкана ачууга, жергиликтүү тургундар үчүн иш орун түзүп берүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн айтты.

 «2016-жылдан бери биз жөн гана таштандылары чогултуп, иргеп, сорттоп, анан аларды кайра иштетүүчү ишканаларга жеткирүү менен алектенип келгенбиз. Ал эми долбоорго кошулгандан бери өзүбүздүн кайра иштетүүчү ишканабыз ачылып, башка ири базарларга, мындайча айтканда, жаңы деңгээлге чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлдү».

USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору 2018-жылы башталып, быйыл аягына чыкты.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Усенбекованын айтымында, долбоор бүгүнкү күнгө чейин ондон ашык тармакта 120дан ашуун чакан жана орто ишкана менен кызматташат.

«Беш жылдын ичинде бул өнөктөштүк ишканалардын сатуу көлөмүн 252 миллион долларга чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди, анын 49 миллион доллары экспортко туура келет. 27 миңден ашуун адам мезгилдик жана туруктуу жумуш менен камсыз болду. Бул ишканалар айыл чарба, тигүү жана тамак-аш өндүрүшү, IT, билим берүү жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын катарын толуктады».

USAIDдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директорунун милдетин аткаруучу Эндрю Мэйбрук беш жылдын ичинде 25 миңден ашуун иш орун түзүлгөнүн, бул өлкөдө түзүлгөн жумушчулардын 11%ын түзөрүн билдирди.

Ошондой эле ал «Конкуреттүү ишкана» долбоорунун колдоосу менен 137 жаш өкүл «бизнес-акселератор» программасына катышып, 27 бүтүрүүчү грант алганын айтып берди.

«Аталган өнөктөштүктүн алкагында өндүрүштү кеңейтүү жана модернизациялоо үчүн жеке сектордун салымы 124 млн доллар өлчөмүндө тартылган. Долбоор мамлекеттик органдар, алдыңкы бизнес-ассоциациялар менен кызматташып, Кыргызстанда бизнес үчүн жагымдуу чөйрөнү түзүү боюнча саясатты иштеп чыгууга салым кошкон. Америка эли бул уюм аркылуу Кыргызстан калкынын бакубат жашоосуна колдоо көрсөтүүнү улантат».

Долбоордун алкагында беш жылдын ичинде 2800дөн ашык бизнес каржылоо алууга жетишип жалпысынан 51,5 миллион доллар бөлүндү. Бул ишканалар айыл чарба, тигүү жана тамак-аш өндүрүшү, IT, билим берүү жана башка тармактардагы алдыңкы компаниялардын катарын толуктады.

Copyright © 2017 Maral FM