Биз менен байланышыңыз

Самокат тебүүнүн эрежелери боюнча мыйзам долбоору даярдалууда

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 203 | 0

Кыргызстанда электр самокаттарын тебүүнүн эрежелери боюнча мыйзам долбоору даярдалууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев билдирди.

Анын айтымында, парламент күзгө чейин долбоорду кабыл алууга үлгүрбөйт. Буга байланыштуу ал электр самокаттарын ижарага бергендерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, коопсуздук эрежелерин сактоого милдеттендирүүнү тиешелүү органдарга сунуштады.

«Электр самокаттары жаштар арасында популярдуулукка ээ болуп, аны тебүү кадимки көрүнүшкө айланды. Бирок жаштар электр самокаттары менен чоң жолдордо жүрүп жатат. Самокаттар велосипеддерге караганда ылдам жүрөт. Аны тээп баратып, жөө жүргүнчүлөрдү коюп кеткен учурлар катталууда. Албетте, бул олуттуу маселе катары сезилбеши мүмкүн, бирок жабыркагандардын саны өсүүдө. Жакында электр самокат унааны сүзүп ала жаздагандыгына өзүм күбө болдум», — деди депутат.

Азырынча Кыргызстанда жол эрежеси боюнча мыйзамдарда электр самокаттарын тебүү эрежелери жазылган эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM