Биз менен байланышыңыз

Депутаттык комиссия соттордун, прокурорлордун ишин текшерет

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 216 | 0

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында мыйзамсыз соттолгондор, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча соттордун жана прокурорлордун, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана башка тиешелүү органдардын ишин иликтеп чыгуу боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, убактылуу депутаттык комиссия түзүүнү «Мекенчил» депутаттык тобу демилгелеген.

Комиссиянын курамына депутаттар Фархат Исмаилов, Жусупбек Коргонбай уулу, Султанбай Айжигитов, Арсланбек Малиев, Бакыт Тентишев, Марат Мураталиев, Эмиль Токтошев, Нилуфар Алимжанова кирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM