Биз менен байланышыңыз

Үйүнө бала бакча ачкан ишкерлер салыктан бошотулат

Кыска кабар | 14 Июн 2023 | 904 | 0

Мамлекеттик салык кызматы үйүнө бала бакча ачкан жеке ишкерлердин салык төлөө тартибин өзгөрттү.

Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 29-майындагы токтому менен жеке ишкерлерге өз үйүнө бала бакча ачуусуна уруксат берилген.

Мындай категориядагы ишкерлер нөлдүк ставка менен бирдиктүү салык төлөөчү катары каттоодон өтө алышат. Ошондой эле Салык кодексинин 423-беренесинин 8-бөлүгүнүн шарттарын сактоо менен бирдиктүү салык төлөөдөн жана бирдиктүү салык боюнча отчёт тапшыруудан бошотулат. Иш берүүчү өзүнө камсыздандыруу полисин, ал эми кызматкерлерине электрондук патент жана полис сатып алат.

Андан тышкары киреше салыгы жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу каражаттары боюнча отчёт берүүдөн бошотулат. Ошол эле учурда алар жыл сайын 1-апрелге чейин салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.

Жогоруда аталган токтом менен жеке эмгек иши үчүн патенттин негизиндеги иштин түрлөрү жаңы иштин түрү менен толукталды.

Эми жеке ишкердин бала бакчасында эмгек өтөгөндөр (тарбиячы, бала багуучу, ашпозчу, педагог) патенттин негизинде иштешет.

Электрондук патентти «жеке салык кабинети» аркылуу сатып алуу керек.

Үйүндө бала бакча ачууну каалагандар атайын окутуудан өтүшү керек

Copyright © 2017 Maral FM