Connect with us

Кыргызстандыктар жылына 18-19 млрд сомдук дары-дармек керектейт

Кыска кабар | 12 Ноя 2024 | 137 | 0

Кыргызстандыктардын дары-дармекке болгон жылдык муктаждыгы 18-19 миллиард сомду түзөт.

Бул тууралуу Экономика жана соода министринин орун басары Искендер Асыкулов Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Анын айтымында, дээрлик бардык дары-дармек импорттолот. Калктын дары-дармекке болгон муктаждыгынын 96 пайызы Орусия, Индия, Германия, Кытай, Өзбекстан жана Түркиядан келген импорттун эсебинен камсыздалат.

2023-жылы өлкөдө 664,35 миллион сомдук дары-дармек жана медициналык буюмдар өндүрүлгөн. 2024-жылдын сегиз айында 450,9 млн сомго өндүрүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM