Биз менен байланышыңыз

Үйүндө бала бакча ачууну каалагандар атайын окутуудан өтүшү керек

Билим-маданият , Коом | 24 мая 2023 | 1513 | 0

Бишкек мэриясы «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында патенттин негизинде бала бакча ачууну каалаган ишкерлерге колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, жума сайын 20-25 адамдан турган төрт топ окутулууда. Анда ишкерлер үй шартында түзүлгөн бала бакчалардагы санитардык жана өрт коопсуздугуна коюлган жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптар боюнча окуп жатышат. Программа ушул жылдын март айында башталып, пилоттук долбоор катары Бишкек шаарынын Ленин, Биринчи Май райондору тандалган.

Бишкекте үй шартында бала бакча ачам деген 400дөй ишкер санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча окутуудан өтүүгө арыз беришкен. Окутуу үч ай болот. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Өрттү өчүрүү жана өрттүн алдын алуу башкармалыгынын бөлүм башчысы Ренат Токталиев маалымдады.

«Кыргызстандын аймагында бала бакча ачабыз деген ишкерлердин жумушуна шарт түзүп берүү максатында бул долбоор ишке кирди. Анын алкагында өкмөт тарабынан пилоттук долбоор катары Биринчи Май жана Ленин райондору тандалды. Азыркы учурда ишкерлерге санитардык жана өрт коопсуздугу боюнча коюлган талаптар тууралуу окутуулар болуп жатат. Ушул эки райондо Саламаттык сактоо, Билим берүү жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан окутуулар жүргүзүлүүдө».

Министрликтин өкүлү турак жайларда көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууда өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жеке ишкерлерге коюлган минималдуу талаптар 37 пункттан турарын белгилеп, алардын негизгилерине токтолду:

«Өрт болгон учурда адамдарды эвакуациялоо пландары имараттын көрүнүктүү жерлерине илинип, планда эвакуация чыгуучу жерлерди жана аларга баруучу жолдорду, өрт болгон учурда персоналдын иш-аракеттери боюнча инструкцияларды, балдар чогула турган жерди жана персонал, өрт өчүрүүчү жабдуулар жана сигнализация үчүн орундарды көрсөтүү менен илинет. Ошондой эле балдарда өрт коопсуздугунун туруктуу көндүмдөрүн калыптандыруу максатында бөлмөнүн көрүнүктүү жерине «Өрт коопсуздугу бурчу» илинет. Эвакуцация чыгуучу жерлер авариялык жарыктандырууга туташтырылган тиешелүү «Чыгуу» белгиси болууга тийиш».

Министрликке караштуу Өрттү алдын алуу башкармалыгынын башчысы Акылбек Расулов пилоттук долбоор катары тандалып алынган Бишкек шаарынын эки районунда учурда ишкерлерди окутуу процесси кандай жүрүп жатканын айтып берди.

«Азыркы учурда пилоттук райондордо 4 жумадан бери окуу жүрүп жатат. Атайын төрт күндүк программалар даярдалган. Бир күндүн жарымында өрт коопсуздугу боюнча сабак өтүлүп, ишкер атайын тесттерден өтөт. Жыйынтыгында сертификат алат. Андан кийин мыйзамдын алкагында билдирүүлөрдү алат. Соңунда коюлган талаптардын негизинде текшерилет».

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 25 балага чейинки жеке менчик үйлөрдө жана 10 балага чейинки көп кабаттуу үйлөрдө ишкерлер тарабынан көрсөтүлүүчү мектепке чейинки билим берүү кызматтарын уюштурууга бир катар санитардык талаптар коюлган.

Алсак, балдардын тыш кийимдерин жана бут кийимдерин өзүнчө сактоо үчүн шкафтар же илгичтер менен жабдуу, балдардын оюн аянтчасы, көп орундуу жана жылдырууга мүмкүн болгон керебеттер жабдылган уктоочу бөлмө, ар биринин жеке төшөгү болушу керек. Оюн бөлмөсүндө, уктоочу бөлмөдө же ашканада кийимдерди жана бут кийимдерди кургатууга жол берилбейт.

«Өкмөттүк акселераторлор» программасы ушул жылдын март айында ишке кирген.

Балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камсыздоону эки эсеге көтөрүү аталган программанын негизги милдеттеринин бири болуп саналат.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, патенттин негизинде үйдөгү биринчи бала бакчаны 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата ачуу пландалууда.

Copyright © 2017 Maral FM