Биз менен байланышыңыз

Кушчубеков Словениянын президентине ишеним грамотасын тапшырды

Кыска кабар | 13 Июн 2023 | 74 | 0

Кыргызстандын Словениядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусарга ишеним грамотасын  тапшырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземинен кийин элчи Кушчубеков Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле 2024-жылы өтө турган эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM