Кыргызстандын Словениядагы элчиси Талантбек Кушчубеков Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусарга ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
Ишеним грамоталарын тапшыруунун расмий аземинен кийин элчи Кушчубеков Словениянын президенти Наташа Пирц-Мусар айым менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштурууну, ошондой эле 2024-жылы өтө турган эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын белгилөө маселесин талкуулашты.