Биз менен байланышыңыз

«Текшерүүлөрдүн тамак-аштан ууланууга бөгөт коёру күмөн»

Ден соолук , Коом | 12 Июн 2023 | 1107 | 0

Күн ысыгандан тарта коомдук тамактануучу жайлардан уулангандар көбөйүп жатат. Буга байланыштуу Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар, тез татым жайлары, көчө соодагерлери сатып жаткан тамак-аш текшерилди. Шаардык мэриядан билдиришкендей, текшерүү жайкы мезгилде массалык уулануулардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү. Текшерүүнүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбагандыгы, кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиги аныкталды. Оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору мындай текшерүүлөр облус боюнча улантыларын билдирди.

Жайында коомдук тамактануучу жайлардан уулангандардын саны өсөт. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун тамак-аш коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Имакеев жарандары коомдук жайлардан тамактанууда этият болууга чакырды.

Аталган борбор тарабынан тамактануучу жайлар жылына бир жолу пландуу текшерүүдөн өтөт. Калган учурда массалык уулануу катталганда гана текшерилет.

«Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан тамак-аш коопсуздугу боюнча коомдук тамак-аш жайлары жана башка соода-сатык жайлар жыл сайын текшерилет. Жеке ишкерлерди текшерүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамга ылайык, жылына бир жолу текшерилет. Азыркы учурда пландуу текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары пландан тышкаркы да текшерүүлөр болот. Аларды арыз келип түшкөндө, тамак-аштан ууланган учурлар катталганда текшеребиз».

Министрликтин өкүлү Имакеев санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери коомдук тамактануучу жайлардын кызматкерлерине санитардык эрежелердин сакталышы тууралуу окутуулар өткөрүлөрүн кошумчалады.

«Биздин адистер тарабынан атайын санитардык эрежелердин сакталышы боюнча окутуулар өтөт. Көпчүлүк тамактануучу жайлардын кызматкерлери мындай окутуулардан өтүшпөйт. Бул окуудан өткөндөрдүн санитардык китепчесине «өттү» деген мөөр басылат. Ал жакта кандай эрежелерди сактоо керек, тамак-аштар кантип бузулушу мүмкүн, ушул сыяктуулардын баары түшүндүрүлөт».

Өткөн жылдын июль айында Баткендин Кадамжай районундагы кафелердин бирине тойго барган 250 адамдын көбү ууланган. Ооруканага кайрылгандар кусуп, дене табы көтөрүлүп, ичи өтүп, өздөрүн алсыз сезишкен.

Сурамжылоо учурунда алар тойдо кесмеден жыт сезишкенин, андан тышкары майонез кошулган салат, тоок этин жана мөмө-жемиш жешкенин айтышкан. Мыйзам бузуу боюнча акт түзүлүп, кафе жабылган.

Тамак-аштан уулануу учурлары көбүнчө жай мезгилинде катталарын Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборунун дарыгери Айзирек Галдыбаева айтып, тамак-аштан уулануунун башкы себептерин атады.

«Тамак-аштан уулануунун башкы себептеринин бири бат бузулуучу азыктарды колдонуудан болот. Ал эми андан уулануу сапатсыз даярдалган, бузулган тамак-ашты, суусундукту ичкенден пайда болуучу курч кармоочу оору болот. Күн ысыкта өзгөчө тазалык сакталбаган тамактануучу жайларда сакталган азыктарда бактерия, вирустар бат көбөйүп, тамак-аштар тез бузулат. Аны менен адамдын ичине кирген бактерия, вирустар көбөйөт да, организмди ууландырат. Уулануу тамак-ашты жегенден 30 мүнөттөн 6 саат аралыгында күтүүлүсү мүмкүн».

Өлкөдөгү коомдук тамактануучу жайлардагы санитардык эрежелерди текшерген «Не сахар» берүүсүнүн алып баруучусу Умар Даданов бардык аймакты кыдырып чыкканын айтты.

Ал Кыргызстанда санэпид кызматы иштебегенин белгилеп, аны жаап, ордуна комиссия түзүү керектигин сунуштады.

Анын айтымында, өлкөдө санитардык нормаларды сактабаган тамактануучу жайлар өтө көп.

«Былтыр жети облустун баарын кыдыргам. Бүгүнкү күндө түндүктө жайгашкан аймактар калды. Жыл сайын эле кыдырып, текшерип жүрөбүз. Бир да жерде санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору иштебешине күбө болдук. Бул кызматты негизи жоюп салуу керек. Канчалаган адам ууланып жатат. «Алькони» ишканасын текшерип барганда, андан ашкан калдыктардан кукси жасап, сыртына «Мадагаскар» деп жазып, мектептердин жанында сатылып жаткан. Бул деген — такыр иштебегендик. Кызматты жоюп, ордуна комиссия түзүп, таза иштегендей кылуу керек».

Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти Бишкекте 7-июнда тез татым түйүндөрүнүн биринен 10 адам ууланганын кабарлаган.

Департамент аталган жайды текшерүүдө жер-жемиштерди жана жумуртканы жууп-тазалоо эрежеси, дезинфекциялоо шарттары сакталбаганы белгилүү болгонун маалымдады. Ошондой эле алып келинген азык-түлүктөрдүн документтерине байланыштуу бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Жумушчулардын айрымдарында медициналык күбөлүк болгон эмес.

Мындан улам эки протокол толтурулуп, бул тез татым жайына 36 миң сом айып пул салынып, иши убактылуу токтотулган.

Copyright © 2017 Maral FM