Биз менен байланышыңыз

Статком: Кургакчылык жазгы талаа иштерине таасир этти

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 241 | 0

Кыргызстанда суу тартыштыгынан улам кургакчылык болуп, жазгы талаа иштеринин темпи төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинен кабарлашты.

Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата 661 миң гектарга жакын жаздык эгин себилген, бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда, 6 миң гектарга аз.

Май өсүмдүктөрүнүн аянты – 14%, дан буурчактарынын аянты – 11%, пахта өсүмдүктөрүнүн — 10%, көп жылдык чөптөр — 3%, жаздык буудайдын жана жаздык арпанын – 1% кыскарды.

Муну менен катар кант кызылчасынын айдоо аянты 4 миң гектардан ашык, дандык жүгөрү — 4 миң гектарга жана картошка — 0,5 миң гектарга көбөйдү.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң салыштырма үлүшү Чүй облусунун чарбаларына туш келет, ал 34 пайыздан жогору, Ош облусунун чарбаларына 15%, Ысык-Көл облусунун чарбаларына 14% жана Жалал-Абад облусун чарбаларында 13% туура келди.

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Талас облустарынын айрым айыл аймактарында жазгы эгин себүү иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM