Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда желим баштыктарга мыйзам менен тыюу салуу сунушталды

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 454 | 0

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 12-июндагы отурумунда «Кыргызстандын аймагында желим баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында мыйзам долбоорлору иштелип чыкканын айтты.

Мыйзам долбооруна ылайык, желим баштыктардын ордуна биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда.

Полимер материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу каралууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM