Биз менен байланышыңыз

Маданий жайлардын музыкалык аспаптары 60 жылдан бери алмашыла элек

Коом | 12 Июн 2023 | 331 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият жана искусство жаатындагы бир катар токтомдор менен мыйзам долбоорлору каралды. Анда маданий жайлардын абалы начар экени, музыкалык аспаптардын эскилиги, аларды жаңылоо үчүн керектүү каражаттын жетишсиздиги козголду. Ошондой эле «Жаштар жөнүндө» мыйзам долбоорунун негизинде быйыл биринчи жолу өкмөт студенттик стартаптарды колдоо максатында 10 млн сом бөлө турганы белгилүү болду. Маданият министрлиги менен бирге өткөн жыйынга алдыда кененирээк токтолобуз.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин дүйшөмбүдөгү жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өзү жетектеген тармактын жалпы абалы жана жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Министр сөзүн маданий жайлардын муктаждыктарына токтолуу менен баштады. Анын айтымында, министрликке тиешелүү 4139 маданий жайдын 90%ы оор абалга келген. Аларды бир жылда оңдоо мүмкүнчүлүгү жоктугунан улам жылына 30-40 имаратты капиталдык ремонттон өткөрүү же кайра куруу боюнча өкмөткө сунуштамалар берилген.

«Жалпылап айтканда, быйыл приаритеттүү деп эсептелген 40 мекеме ремонт иштерине сунушталган. Анын 30у Министрлер кабинети тарабынан кабыл алынып, азыр ишке ашып жатат. Ал эми маданият тарабындагы оркестрлерибиз, музыкалык мектептерибиз музыкалык аспаптар менен камсыздалбаганына 50-60 жыл болду. Бул боюнча да биз сунуштарыбызды киргизип, азыр жарлык даярдалып жатат. Аларга 1 млрд сомго чейин каражат бөлүү сунушу берилген, азыр 673 млн сом бөлүнгөнү турат. Анын ичинен 210 млн сомуна музыкалык аспаптар алынат. Керектүү музыкалык аспаптардын баарын эсептеп чыкканда 1 млрд 150 млн сом болду». 

Министр кошумчалагандай, тарыхый-маданий мурастарды сактоо, калыбына келтирүүгө да жылына 1 млрд сом керектелет. Бирок каражат тартыштыгына байланыштуу жыл сайын 100 млн сом бөлдүрүү каралып жатат.

Максатбек Сарбагышев Чолпон-Ата шаарындагы музейдин жеринин чыры боюнча маселе козгоду. Депутат музейдин авариялык имараты Маданият министрлигинин, жери жергиликтүү бийликтин карамагында турганы жаңы музей салууга келишпестик жаратып жатканын белгиледи. Ал жер тилке мэриянын карамагында калтырылса, жергиликтүү бийлик эл аралык донорлорду тартуу менен жаңы музей эртерээк курулмак деген оюн айтты.

Бул сунушту бир катар депутаттар колдоп, бул маселе 2015-жылдан бери көтөрүлүп, маселе жаңы музей куруу эмес эле, жер талаш болуп келгенин сынга алышты.

Жергиликтүү бийлик өкүлү билдиргендей, Чолпон-Атага жаңы музей куруу демилгеси жер талаштын айынан 2015-жылдан бери токтоп турат.

«Негизги максат музей салуу болгон. Бүгүнкү күндө музей салуу унутулуп, кайра эле жер талаш болуп келе жатат. Музей салуу маселеси жабык боюнча турат. Өткөн жылы Азия өнүктүрүү банкы менен жакшы иш башталды. Бул жерде шаардык кеңештин депутаттарынын чечими турат. «Музей кайрадан курулуп, эч бир жакка менчикке берилбей, иштетилсин» деген. Бул жерде жер талаш болбошу керек, курулушка керектүү бардык иш кагазын бүтүрүп бергенбиз». 

Анын негизинде депутаттар 14 сотых жер боюнча пунктту чечимден алып салууну сунуштап, жыйынтыгында тилкени мэриянын балансында калтырууну бир добуштан колдошту.

Социалдык комитеттин жыйынында «Жаштар жөнүндө» мыйзам долбоорунун  негизинде быйыл биринчи жолу өкмөт студенттик стартаптарды колдоо максатында 10 млн сом бөлө тургандыгы белгилүү болду. Бул тууралуу маданият министринин орун басары Марат Тагаев билдирди. Анын айтымында, долбоорлор комиссиянын тандоосунан өтүп, авторлору бизнес жүргүзүү боюнча атайын курстан сабак алат. Окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттерге 1 млн сомго чейин каражат берилет. Студенттик стартаптар 18 жаштан 35 жашка чейинки куракта болуп, салык мыйзамынын негизинде иш алып барышат.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев ар бир үйрөнчүк студенттин жанында тажрыйбалуу ишкер болушу керектигин, бизнести аркалоону каалаган жаштар максатына жетиши үчүн комиссия жакшы иш алып баруусун эскертти.

Депутаттардын «Өкмөт бөлгөн 10 млн сом түгөнгөндөн кийин эмне кыласыңар?» деген суроосуна Марат Тагаев: «Өлкөнүн казынасы жылдан-жылга толуп жатат, киийнки жылы мындан да көп бөлүнсө керек деген ойдомун», — деп жооп берди.

Жыйынтыгында бул мыйзам долбоору да колдоо тапты.

Copyright © 2017 Maral FM