Биз менен байланышыңыз

13-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 307 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +30…+35,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +31…+36,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +17…+22, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +14…+19, күндүз +25…+30,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +27…+32.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM