Биз менен байланышыңыз

Сүттү сатып алууда бирдиктүү баа белгилөө сунушталды

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 158 | 0

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети «Сүттүн баасын жөнгө салуу жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда карап жактырды.

Мыйзам долбоорду депутат Акылбек Түмөнбаев демилгелеген.

Долбоор сүттүн баасын мамлекеттик деңгээлде көзөмөлдөө, фермерлердин, сүт азыктарын чыгарган ишканалардын укуктук жана экономикалык принциптерин белгилөөнү көздөйт.

«Өзүбүздүн сүт өндүрүшүн өнүктүрүү, аларды колдоо максатында сүттү сатып алуу мамилелерине карата колдонула турган мыйзам долбоору киргизилүүдө. Ал айыл чарба өндүрүүчүлөрүнөн, ошондой эле жеке жана юридикалык жактарга, мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына иштейт», — деди депутат Аманкан Кенжебаев.

Мыйзам долбооруна ылайык, сүттү сатып алуунун бирдиктүү баасы белгиленет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM