Биз менен байланышыңыз

Фархад Бекманбетов мамлекеттик цирктин жетекчилигинен бошотулду

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 229 | 0

Фархад Бекманбетов мамлекеттик цирктин жетекчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Тиешелүү буйрукка министр Алтынбек Максүтов кол койгон. Бекманбетов кызматтан өз каалоосу менен кеткен.

Фархад Бекманбетов мамлекеттик цирктин жетекчилигине 2019-жылы январда дайындалган. Ал кезде цирктин жамааты Аида Акматованын талапкерлигин сунуштап келишкен. Ага чейин директор дайындоо маселеси боюнча Ак үйдүн алдына митингге да чыгышкан.

Бекманбетов циркти жетектеп жатканда эмгек жамаатынын айрымдары тарабынан көптөгөн сын айтылды.

Фархад Бекманбетов 2016-2017-жылдары Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM