Биз менен байланышыңыз

Өткөн аптада 161 мас айдоочу кармалды

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 138 | 0

Өлкө аймагында  жума ичинде 5-июндан 12-июнга  чейин 18 627 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кабарлады.

Анын ичинен мас абалында унаа айдагандар 161 адам, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандар 36, тийиштүү документтери жок унаа айдагандар 229, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдагандар 2940ты түздү.

Мындан тышкары, жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 423, транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 5288, авто ээнбаштык 11, жалган мамлекттик номуру менен жүргөн 3 учур катталды.

Башка жол эрежелерин бузуу фактылары 9539ду түздү. Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1218 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM