Биз менен байланышыңыз

Курманбек Бакиев дагы 10 жылга сыртынан соттолду

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 268 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 1-мартындагы өкүмү менен качкын президент Курманбек Бакиев «Кумтөр иши» боюнча күнөөлүү деп табылды.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) 2-бөлүмү (уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун) боюнча айыптуу деп табылган.

Ошондой эле өкүмдө анын үй-мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн өтөгөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштей албай турганы белгиленген. Мурдагы өкүмдөрүн кошкондо, качкын президент жалпысынан 30 жыл түрмөдө отурушу керек.

Ушул эле иш боюнча Максим Бакиев, Алексей Елисеев жана Геология агенттигинин экс-жетекчиси Капар Курманалиев соттолду.

Максим Бакиев 13 жылга кесилди. Соттун буга чейинки чечимдери эске алынганда, өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган.

«Кумтөр» иши боюнча Алексей Елисеев 12 жылга кесилген. Буга чейинки сот чечимдерин эске алуу менен Елисеев 30 жыл абакта отурушу керек.

Капар Курманалиев 10 жылга кесилди. Буга чейинки өкүмдөрдү кошкондо ал 13 жылга эркиндигинен ажыратылышы керек.

Буга чейин «Политклиника» басылмасы Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев «Кумтөр иши» боюнча күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылга эркиндигинен ажыратылганын жазды. Маалыматка караганда, өкүмдө «2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү, «Кыргызалтын» ишканасы, «Центерра Голд», «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген эмес» деп жазылган.

Copyright © 2017 Maral FM