Биз менен байланышыңыз

ТҮРКСОЙ уюмуна 30 жыл. Бир катар иш-чаралар өтөт

Кыска кабар | 12 Июн 2023 | 187 | 0

Бүгүн Бишкекте ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлагандай, 12-13-июнь күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында атайын концерттик программа уюштурулуп, ага түрк дүйнөсүнүн 100дөн ашуун искусство чебери катышат.

12-июнда Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көргөзмөсү өтөт. Башталышы саат 14:00.

Ошондой эле саат 15:00дө А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада ТҮРКСОЙ уюмуна мүчө мамлекеттердин жазуучуларынын китеп көргөзмөсү жана уюмдун сыйлыктары тапшырылат.

13-июнда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында түрк дүйнөсүнүн улуттук кийимдеринин жана кол өнөрчүлөрүнүн көргөзмөсү уюштурулат. 40 манасчы манас айтып, чыгармачыл топтордун катышуусунда гала-концерт өтөт.

Түрк дүйнөсүнүн биринчи кызматташтык уюму ТҮРКСОЙ 1993-жылы Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Түркиянын ортосунда келишимдин негизинде түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM