Бишкек шаарынын административдик соту Ленин бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Дамира Ниязалиеванын мандаты боюнча доо арызын карады.
Сот Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкердин каттоосун жокко чыгаруу чечимин күчүндө калтырды. Доогер жогорку инстанциядагы соттун чечимине даттанууга ниеттенүүдө.
Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда Ленин району боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.
БШКга Дамира Ниязалиева добуштарды сатып алуу ыктымалдыгы тууралуу бир нече маалымат түшкөн.
Комиссиянын жыйынында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков талапкердин добуштарды сатып алуу фактылары тастыкталганын билдирген.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майда өткөн. Талапкер Дамира Ниязалиеванын штабында 29-майдын кечинде тинтүү жүргүзүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясына арыз түшүп, талапкер Дамира Ниязалиева тарабынан добуш сатып алуу аракети болушу мүмкүн экени кабарланган.
Материалдар текшерүү жана юридикалык баа берүү үчүн ички иштер органдарына өткөрүлүп берилип, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Анын алкагында эки киши кармалган.
Дамира Ниязалиева бул шайлоодо көпчүлүк добушка ээ болгон (35,83 пайыз).
Андан кийин дагы бир талапкер Улан Сариев да добуш сатып алууга шектелгенин УКМК билдирген. БШК анын да каттоосун жокко чыгарган.