Эртең, 11-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +28…+33,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +33…+38,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +13…+18, күндүз +24…+29,
Нарын облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28.
Бишкекте түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +19…+21, күндүз +31…+33 градус болот.