Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуудагы тоннелде июндун аягына чейин оңдоо иштери жүрөт

Кыска кабар | 10 Июн 2023 | 247 | 0

Ош-Бишкек унаа жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин 129-500-чакырымынан 750-чакырымга чейинки аралыкта жолдун бир бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгы кабарлады. Оңдоо иштери 30-июнга чейин уланат.

Инспекторлор айдоочуларды тоннелдин ичиндеги ыңгайсыздыктарды эске алып, ылдамдыкты азайтуу менен коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат.

Ошондой эле буга чейинки маал-маалы менен киргизилген чектөөлөр күчүндө. Алар:

-саат 05:00дөн, 08:00гө чейин;

-10:00дөн, 12:00гө чейин;

-14:00дөн, 16:00гө чейин.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM