Биз менен байланышыңыз

Президент жол курууга жардам берип жаткан ишкерлердин ысымын атады

Кыска кабар | 10 Июн 2023 | 500 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине берген маегинде жол курууга жардам берген ишкерлердин ысымын атады.

Анын айтуусунда, ишкер Жумабек Салымбеков демөөрчүлүк кылып берген 50 млн сомго Нарын шаарынын жолдору салынууда.

Ал эми Өмүрбек Бабанов 80 млн сом, Марат Назарбеков менен Алмазбек Тиленбаевдер 30 млн сомдон бөлүшкөн.

«Бакай» банкынын ээси Сергей Ибрагимов 200 млн сом берген. Бул каражаттарга Талас менен Баткен шаарларынын ички жолдору оңдолору айтылды.

Жалал-Абаддын ички жолдорун оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттен 2 млрд сом каражат бөлүндү.

«Кыргызстанда мындай колу ачык жигиттер көп эле деп ойлойм. Бутуна туруп, телчигип бараткан мамлекетин колдон-буттан алып, сүйөп-таяп, өнүгүп кетсе деген тилектеги эр-азаматтарыбыз четинен чыгат деп ишенем.

Албетте, мамлекет алакан жайып отурган жери жок, бюджеттен миллиарддаган каражаттар жаңы социалдык обьектилерди, ошондой эле жолдорду курууга жана башка багыттарга жумшалууда. Ошону менен бирге, март жигиттерибиздин өз ыктыяры менен кылган демөөрчүлүгү дагы ушундай долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө болуп жатат» , — деди президент.

Быйыл Нарын шаарында жалпы 18,5 чакырым узундуктагы 44 көчөнү оңдоо иштери жүрүүдө. Андан тышкары, Талас, Баткен жана Жалал-Абад шаарларынын да ички жолдору оңдолуп, асфальт төшөлөт.

Copyright © 2017 Maral FM