Биз менен байланышыңыз

Баткенде окуучулар аралашкан окуялар. Бир канча кызматкер иштен алынат

Кыска кабар | 10 Июн 2023 | 509 | 0

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 9-июнда коопсуздукту жана укук тартибин камсыз кылуу боюнча координациялык кеңешме өткөрдү.

Анда Кызыл-Кыя шаарындагы мектепте окуучулардын «Ислам мамлекети» террордук уюмдун желегин мектептин айланасына илгендиги тууралуу маселе талкууланып, мэрдин социалдык тармак боюнча орун басарына, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына, мектеп директоруна чара көрүү, кызмат ордун кароо тапшырылды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин маалыматында, бул окуя боюнча шаардык милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспектору кызматтан алынды жана аймактык тескөөчүсүнө чара көрүлдү.

Андан тышкары, Кадамжай районунда 1-июнда мектеп мугалими менен окуучуларынын катышуусунда  катталган жол кырсык боюнча класс жетекчисин кызматтан алуу, тийиштүү башка жетекчилерге чара көрүү тапшырылды.

2-июнда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы Ч.Айтматов атындагы орто мектептин аянтынан бүтүрүүчүлөрдүн урматына арналган тактанын жанынан тыюу салынган «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмунун желеги табылганын УКМК кабарлаган.

Ошондой эле тосмонун дубалдарында күмөндүү чакырыктарды камтыган жазуулар калтырылган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мектептин эки окуучусу аныкталган.

2-июнда соттун уруксаты менен аталган адамдардын жашаган жерлеринде издөө жүргүзүлүп, тыюу салынган диний агымдарга жана «Ислам мамлекети» эл аралык террордук уюмуна тиешелүү болушу мүмкүн болгон ири көлөмдөгү адабияттар, видеоматериалдар табылып, экспертизага жиберилген.

УКМК кармалгандардын биринин уюлдук телефонунан 25-майда орто мектептин аймагына илинген уюмдун кара желеги даярдалып жатканы тууралуу видео табылган. Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM