Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Июнь окуясына байланыштуу кайрылуу жасады

Кыска кабар | 10 Июн 2023 | 87 | 0

Президент Садыр Жапаров июнь окуясынын 13 жылдыгына карата билдирүү жасады. Быйыл июнь окуясына 13 жыл болду.

Садыр Жапаров мындай трагедия эч качан кайталанбашы үчүн 2010-жылдын июнь трагедиясы баарыбыз үчүн чоң сабак болушу керектигин айтты.

Бийлик бул трагедиядан сабак алып, туура жыйынтык чыгарып, элдин ынтымагын чыңдоо маселеси ар дайым көңүл борборунда болушу керектигин аңдоого чакырды.

«Бүгүнкү күндө өлкөбүздө улуттук биримдикти бекемдөө маселеси мамлекеттик бийлик үчүн эң маанилүү маселелердин бири болуп саналат. Биз бирдиктүү эл, бирдиктүү өлкө катары биримдигибизди жана этностор аралык достугубузду бекемдеп, өнүгүү, деп алга кадам жасашыбыз керек», — деди президент.

2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам курман болгон.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын апрелинде июнь окуясындагы материалдарды иликтөөнү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM