Биз менен байланышыңыз

Депутат Өмүрбек Бакиров соттун чечими боюнча үн катты

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 567 | 0

Депутат Өмүрбек Бакиров өзү депутат болуп шайланып келген Көк-Жар шайлоо округу боюнча Бишкек шаардык административдик соту чыгарган чечим боюнча билдирүү жасады.

7-июнда шаардык сот Көк-Жар шайлоо округунда өткөн шайлоону мыйзамсыз деп тапкан. Депутат бул акылга сыйбаган, мыйзамсыз чечим деп атады.

«Бул шаардык администрадивдик соттун чечими менен мен макул эмесмин, мындан ары жогорку инстанцияга кайрылабыз.

Мен ишенем адилеттүүлүк жеңет деп, мыйзамдуулук орнолот деп үмүт кылам.

Бүгүнкү күндө мен өзүмдүн депутаттык милдетимди аткарып жатам, эл ишеним менен берген депутаттык мандатты эч кимдин тартып алып койуга укугу жок»-деп кошумчалаган депутат Өмүрбек Бакиров.

Сот депутат Бакиров жеңген округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM