Биз менен байланышыңыз

«Сыр, боёкторго өзүбүз акча чогулттук». Мектеп ремонтундагы башаламандык

Билим-маданият , Коом | 9 Июн 2023 | 7378 | 0
Сүрөт интернеттен алынды

«Маралдын» редакциясына ата-энелер кайрылышып, окуу жылы аяктаары менен мектептерде оңдоп-түзөө иштерине акча чогултуулар башталганын кабарлап, нааразычылыктарын билдиришти. Алардын айрымдары балдары көп болгондуктан акча берүүдө кыйналганын айтышты. Кээ бир мектептерде мамлекет бөлгөн каражат жетпей, мугалимдер класстарын өз чөнтөгүнөн оңдоп жатышканы белгилүү болду. Билим берүү жана илим министрлиги бул жылы мектептердин оңдоп-түзөөсүнө бюджеттен 90 млн сом бөлүнгөнүн маалымдады.

Жалал-Абад облусунун тургуну Асылкан Жаныбек кызынын (аты өзгөртүлдү) уулу быйыл 4-классты, ал эми кызы 2-классты аяктады. Ал класс жетекчилер класстык бөлмөнү оңдоп-түзөө үчүн 300 сомдон чогултканын айтты. Мындан сырткары актап-сырдоо, тазалоо үчүн ата-энелерди чакырган мугалимдер да болууда.

«Класстын ремонтуна 300 сомдон чогултуп бердик. Мындан сырткары бизди келип, класстарды ремонт кылгыла дешкен. Ата-энелердин ага шарты жок. Иштегендери бар, кичинекей балдары менен үйдө отургандары бар. Менин кичинекей балам болгону үчүн аларды таштап баралбайм. «Эгер келе албасаңар, бирөөлөргө акча төлөп кылдырабыз», — деп жатышат. Класста 30 бала болсо, ар биринен 50 сомдон чогултуп жатышат. Бул 300 сомдон сырткары берилет. Ал акча классты ремонт кылган адамга төлөнөт».

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде, бала бакчаларда акча чогултууга тыюу салууну көздөгөн мыйзам жазып, анын долбоорун коомдук талкууга койгон. Анда ата-энелерден акча сураган мугалимдерге 20 миң сом айып салуу каралган.

Мамлекет бөлгөн каражат жетпей, мугалимдер класстарын өз чөнтөктөрүнөн оңдоп-түзөп жатышканын Нарын облусунун Кочкор районундагы мектептердин биринин мугалими айтты.

«Мен башталгыч класстын мугалими болом. Биз 1-июндан баштап отпускага чыгабыз. Башталгыч класстын ар бир мугалими өз чөнтөгүбүздөн акча чыгарып, класстарды сырдап, оңдоп-түзөдүк. Муну менен катар ремонтко керектелүүчү бүт каражатты да өзүбүз сатып алдык. Мамлекеттен бөлүнгөн акча жалпы мектепке жетпейт. Ал чоң класстар менен спорттук залдардан ашпайт. Ата-энелерден эч кандай акча чогулткан жокпуз. Кээде демөөрчүлөр чыгып калчу. Бул жолу өзүбүз ремонттоп кеттик».

Баткен облусунун Лейлек районундагы Бел-Алма орто мектебинин директору Саадат Токтобаева быйыл мектепте капиталдык ремонт башталып, ага 25 млн сом бөлүнгөнүн айтты. Ошондой эле ата-энелерден класстарды оңдоп-түзөө үчүн акча алынбасын кошумчалады.

«Бизде эч качан ата-энелерден акча чогултулган эмес. Мурда өкмөттүн балансында болуп, өкмөт каржылачу. Өкмөт краскаларды, ремонт үчүн керектүү каражаттарды берчү. Азыркы учурда райондон ар бир мектепке тендер жарыяланат. Ар бир мектеп өзүнүн көлөмүнө жараша билдирүү берет. Анын негизинде канча краска, акиташ, цемент кетери аныкталат. Анын үстүнө биздин мектепте капиталдык ремонт башталган. Анын суммасы 25 млн сомго жакын каражатты түзөт».

Баткен шаардык кеңешинин депутаты Санжар Абдинаби уулу шаардагы мектептерди оңдоп-түзөө иштерине быйыл мамлекеттик бюджеттен аз каражат бөлүнгөнүн, ал акча 2 миң окуучусу бар мектептердеги оңдоп-түзөө иштерине жетпесин билдирди.

«Баткен шаарындагы муниципалдык мектептердеги 2023-2024-окуу жылдарында жасала турган оңдоп-түзөө иштерине ар бир мектепке 47 миң 500 сомдон бөлүндү. Ал эми өткөн жылы ар бир мектепке 70 миң сомдон ашык акча бөлүнгөн. Айрым мектептин жетекчилери «шаардык билим берүү бөлүмү оңдоп-түзөөлөрдү текшерген аудиттерди жапканга ар бир мектептен тийиштүү суммадагы акчаны кармап калды» деп айтып жатышат. Азыркы күндөгү базар баасы менен 47 миң 500 сомго чоң мектептердин оңдоп-түзөө иштерин жасоо такыр эле мүмкүн эмес».

Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын башчысы Акыйкат Баймуратова бул жылы өлкө боюнча мектептерди оңдоп-түзөө үчүн бюджеттен 90 млн сом бөлүнгөнүн билдирди.

«Быйылкы окуу жылда мектептеги оңдоп-түзөө иштерине 90 млн сом мамлекеттик бюджеттен бөлүндү. Ал эми ата-энелер ремонтко акча бербеши керек. Ар бир мектепти каржылап бердик. Эсептеринде турат. Керектүү каражаттарды алпаргандан кийин ремонтту атайын кызматкерлер жасайт. Ар бир мектепте техкызмткерлер бар. Мугалимдер ремонт жасабайт».

Мектептерде акча чогултууларга 2019-жылы эле тыюу салынган, бирок андан майнап чыга элек.

Буга чейин президент Садыр Жапаров министр Каныбек Иманалиев менен жолугуп, «ата-энелерден мектепти оңдоп-түзөөгө жана класска керектүү нерселерди сатып алууга акча чогултулбасын» деген талап койгон. Президент мектептеги керектөөлөр мамлекеттик бюджеттен каржыланарын айткан.

Copyright © 2017 Maral FM