Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага бериле турган 2 млрд долларлык жардамдын жаңы топтомун жарыялайт

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 329 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага бериле турган 2 миллиард доллардан ашык суммага бааланган жардамдын топтомун жарыялайт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги Ак үйдүн өкүлдөрүнө таянуу менен билдирди.

Украинанын коопсуздугуна көмөктөшүү демилгесинин (USAI) алкагында бөлүнө турган каражат ракета аткычтар менен Hawk жана Patriot абадан коргонуу системаларын сатып алууга жумшалат.

Агенттиктин өз булактары кабарлагандай, жаңы жардам топтомунун бир бөлүгү катары Украина Pac-3 мобилдик комплекстерин, тактикалык баллистикалык ракеталарды, канаттуу ракеталарды же душмандын учактарын жок кылуу үчүн жакшыртылган өзгөчөлүктөргө ээ GEM-T системасы бар ракеталарды алат.

Ошол эле учурда Politico басылмасы АКШ администрациясынын жогорку даражалуу өкүлдөрүнө шилтеме жасап, Американын Украинага мындан аркы жардамы, ошондой эле президент Жо Байдендин эл аралык кадыр-баркы украин контрчабуулунун канчалык ийгиликтүү болорунан түздөн-түз көз каранды экенин жазды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM