Connect with us

Катар өлкөсүнүн колдоосу менен Тажикстанда мечит салынды

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 298 | 0

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим ибн Хамад ал-Тани 8-июндагы Тажикстанга мамлекеттик сапарында өлкө президенти Эмомали Рахмон менен Душанбе шаарындагы борбордук мечиттин ачылышына катышты.

Душанбе шаарынын жаңы борбордук мечиттин имараты 3 гектар, кошумча курулуштары, бакчасы жана башкалары менен кошкондо 12 гектар жерди ээлейт. Мечит 133 миң адамга ылайыкталган, 43 миң адам ичинде, калганы айланасында намаз окуй алат.

Мечитти бийиктиги 74 метр болгон 4 мунара, 21 метр болгон эки чакан декоративдик мунара, 43 метр бийиктиктеги чоң купол, 35 метрлик 17 чакан купол кооздоп турат.

Намаз окуган жайлардан тышкары 6 кенен окуу бөлмөсү, 9 чакан окуу бөлмөсү, 1 жыйындар залы, 1 конок кабыл алуу залы, 2 китепкана, 3 мейманкана, андан тышкары техникалык бөлмөлөр салынган.

Курулуш иштери 2011-жылдын 5-октябрында башталып, 2019-жылдын күзүндө аяктаган. Ачылыш аземи 2020-жылдын март айына пландалган, бирок коронавирустук пандемиядан улам жылдырылган. Февраль айында Тажикстандын Дин иштери боюнча комитети мечиттин ачылышы Катар эмиринин иш сапарынын алкагында болорун билдирген.

Мечиттин сметалык долбоору дээрлик 100 миллион долларды түзсө, анын 30 миллионун Тажикстан өкмөтү, 70 миллионун Катар бийлиги бөлгөн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM