Биз менен байланышыңыз

Дагы бир депутат «чет элдик агент» мыйзамына демилгечи болуудан баш тартты

Кыска кабар | 9 Июн 2023 | 201 | 0

Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттык тобунун мүчөсү Бактыбек Чойбеков «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоордун демилгечилеринин тизмесинен кол тамгасын чакыртып алды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.

Депутат бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзамга каржылык көзөмөлдөө боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдогонун, бирок мыйзам долбоордун акыркы редакциясында ал макул болбогон башка ченемдер да киргизилгендиктен демилгечилердин катарында болуудан баш тартканын айткан.

Буга чейин депутат Эмил Токтошев да мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болуудан баш тарткан.

Былтыр «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, бирок колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген. Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Айрым юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM