Биз менен байланышыңыз

Президент Зеленский Херсондогу суу каптаган аймактарга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Июн 2023 | 303 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский Херсон облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Кахов ГЭСинин жарылышынан улам суу ташкынынан жабыркаган тургундарды эвакуациялоо пунктуна барды.

Пункт Херсондогу медициналык мекемелердин биринин базасында жайгаштырылган. Анда адамдардын саламаттыгы текшерилип, жараат алган болсо, дарыланса болот.

Президент Зеленский эл менен баарлашып, алардын ден соолугунун абалын сурады.

«Биз жардам беребиз, калыбына келтирүү керек болгон нерселердин бардыгын кайра курабыз. Сиздерге ыраазычылык билдирип, чың ден соолук каалайм», — деди ал.

Украин президенти эвакуациялоо иш-чараларында колдонулуп жаткан техникаларды карап чыгып, куткаруучулардын жана ыктыярчылардын иши менен таанышты.

Украинанын Херсон облусунда жайгашкан Кахов ГЭСи 6-июнда жардырылып, суу сактагыч жараксыз абалга келген.

Суу каптаган үйлөр. Кахов ГЭСи жарылгандан кийинки кесепеттери (сүрөт)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM