Connect with us

Катар эмиринин Кыргызстандагы мамлекеттик сапары аяктады

Кыска кабар | 7 Июн 2023 | 243 | 0

Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин 6-7-июнда Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады.

Сапардын алкагында «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий жолугушуусу өттү.

Андан соң өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын жана келечегин, кызыкчылык жараткан бардык чөйрөдө кызматташуу боюнча чараларды толук талкуулашты.

Садыр Жапаров шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы араб дүйнөсү менен болгон карым-катнашта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгилеп, Кыргызстан Катар эмиринин чын пейилден колдоосун жогору бааларына басым жасады.

Өз кезегинде Катар эмири Садыр Жапаровдун чакыруусуна жана меймандостугуна ыраазычылык билдирди. Бул анын Кыргызстанга жасаган биринчи сапары экенин, Кыргызстан менен Катардын эки тараптуу мамилелериндеги маанилүү учур болуп жатканын белгиледи.

Өлкө лидерлери бардык тармакта эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

Катар эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Катар Мамлекетинин эмири жана делегациясы үчүн «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркында кыргыз элинин каада-салттары жана үрп-адаттары жөнүндө баяндаган этномаданий программа тартууланды.

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM