Биз менен байланышыңыз

Катар эмиринин Кыргызстанга болгон сапарынын жыйынтыктары

Коом , Саясат | 7 Июн 2023 | 264 | 0

Катар өлкөсүнүн эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген алгачкы арап лидери болду.

7-июнда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий жолугушуусу өтүп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча ондон ашык документке кол коюлду.

Жапаров Катар менен дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 25 жыл толгонун, бул аралыкта саясий кызматташуу активдүү жүргүзүлүп, эки тараптуу маанилүү иш-чаралар өткөрүлгөнүн белгиледи.

Катардын эмири мындай сапарлар экономикалык жана инвестициялык жактан байланышты жандатуу үчүн маанилүү экенин айтты. Кыргыз-катар кызматташтыгы жана арап лидеринин мамлекеттик сапары тууралуу алдыда баяндайбыз. 

Расмий жолугушуунун алкагында эки өлкөнүн башчылары тар жана кеңири форматта сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Президент Садыр Жапаров Катар эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Танинин Кыргызстанга мамлекеттик сапары эки өлкөнүн кызматташтыгында эле эмес, жалпы арап дүйнөсү менен болгон карым-катышта чоң тарыхый мааниге ээ экенин белгиледи.

«Учурда Катар мамлекети өркүндөө жолун ишенимдүү улантып, эл аралык аренада көрүнүктүү жетишкендиктерге жетип турган чагы. Дал ушул учурда сиз арап дүйнөсүнөн алгачкылардан болуп Кыргызстанга келип турганыңыз биз үчүн чоң сыймык жаратып, кубаныч тартуулады. Бүгүн биздин өлкөлөрүбүздүн ортосунда ар түрдүү тармактарда эки тараптуу документтерге кол коюлуп жатканын кубануу менен белгилейм. Ошондой эле сиздин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарыңыз кыргыз-катар кызматташтыгын ар түрдүү багыттарда мындан ары өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенем».

Катар менен Кыргызстан кызматташтыкты түзүү үчүн өкмөттүк жыйындарды жана министрлер ортосундагы жолугушууларды уюштурууга аракет кылышат. Бул тууралуу Катар мамлекетинин эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани билдирди.

Кеңейтилген курамдагы жолугушууда ал экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-катар алакалары тууралуу айтып жатып, гидроэнергетика, туризм жана инфраструктура сыяктуу тармактардагы мүмкүнчүлүктү белгиледи.

«Катарда өткөн дүйнөлүк чемпионатка барганыңызда экономика боюнча кызыктуу сунуштарды айтканыңызды өзгөчө белгилегим келет. Биз мындан ары да алаканы чыңдай турганыбызга жана өкмөттөр деңгээлинде бизди кызыктырган бардык маселе боюнча кызматташа аларбызга терең ишенем. Ошондой эле гидроэнергетикалык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу жана өлкөлөрүбүздүн туристтик мүмкүнчүлүгүн биргелешип өнүктүрүү боюнча сунуштарыңызды баса белгилегим келет. Бул демилгелерди биз кылдат карап чыгабыз».

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жакын арада эки өлкөнүн ортосунда биринчи авиакаттам ачылышы мүмкүн экенин кабарлап, кайсы документтерге кол коюлганын айтып берди.

«Сүйлөшүүлөрдөн соң маданият, спорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, медицина, укуктук тармакта эки тараптуу кызматташуу боюнча 13 документке кол коюлду. Эки мамлекеттин ортосунда расмий жолугушуу жемиштүү өттү. Анткени биз тар чөйрөдө сүйлөшкөнүбүздө эки мамлекет ортосундагы байланышты өнүктүрүп, авиакаттам ачууну сунуштадык. Катар тарап ойлонуп, жакын арада жообун берет. Жакында Кыргызстан-Катар биринчи авиакаттамы ачылышы мүмкүн. Андан сырткары эки өлкөнүн ортосунда туризмди өнүктүрүү боюнча сүйлөштүк. Анткени арап мамлекети Кыргызстандын жаратылышына, климатына кызыгып жатышат. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр жакшы өттү, жыйынтыктары жакын арада чыгат».

Бүгүнкү күндө Катар өлкөсүнүн каржылык колдоосу менен Кызыл-Кыя шаарында, Озерная айылында, Кочкор айылында социалдык шаарчалар салынууда. Мындан сырткары Бишкектин Кара-Жыгач конушуна IT-академиясын, шаардын борбордук бөлүгүнө төрт кабаттуу оорукана куруп жатат.

2017-жылдан бери Кыргызстанда Катардын кайрымдуулук уюму иштейт. «Катар Чарити» кайрымдуулук уюмунун долбоорлорду өнүктүрүү боюнча координатору Данияр Рыскелдиев алты жылдын ичинде Кыргызстанда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн фонд тарабынан 35 млн доллар жумшалганын айтты.

«Биздин фонд эки тармакта иш алып барып, жарандарга керектүү тармактарда кайрымдуулук иштерин жүргүзөт. Биринчиси, курулуш тармагы, анда социалдык маанидеги жайларды курабыз. Экинчиси, социалдык долбоорлорду ишке ашырабыз, тагыраагы, ата-энесинен ажыраган балдарга жөлөк пул беребиз жана да ар түрдүү мезгилдик долбоорлор менен иштейбиз. Мисалы, кышында көмүр же жылуу кийим-кече таратылат».

Кыргызстан менен Катардын соода жүгүртүүсүнүн көлөмүнө токтолсок, былтыр 54 миң долларга чукулдаган. Бул суммага эт, бал, жаңгак жана кургатылган жер-жемиштер экспорттолгон.

«Кыргызэйрвейс» авиакомпаниясынын вице-президенти Абдулазиз Ботбаев Кыргызстандын экспорт тармагындагы мүмкүнчүлүктөрү абдан кенен экенин белгилеп, эки өлкөнүн соода-сатык тармагындагы байланышы жана Катар мамлекетинде кыргызстандыктар үчүн түзүлгөн шарттары тууралуу ой бөлүштү.

«Биздин көптөгөн ишкерлер Катарда күркөлөрүн ачып өз продукциясын сатууда. Азыр да ишкерлер Катардын бийлиги менен документтерге кол коюп, уруксат алып жатышат. Биздин жарандарыбыз жумушка орноштуруучу компаниялар аркылуу барып, жакшы жумуштарда иштеп жатышат. Азыркы тапта 500гө жакын жаран иштейт».

Кыргызстан менен Катардын дипломатиялык алакасы 2010-жылдан кийин аз-аздан жандануу жолуна түшкөн. 2012-жылы Катар мамлекети Бишкекте өз элчилигин ачкан. Эки жыл өткөн соң, 2014-жылы Дохада кыргыз элчилиги ачылган.

Кыргыз өкмөтүнүн 2012-жылы кабыл алган мыйзамына ылайык, 61 мамлекеттин жарандары үчүн Кыргызстанда 60 күн визасыз жүрүүгө уруксат берилген, алардын ичинде Катар мамлекети да бар.

Катар эмири Борбор Азия аймагына жасаган бул сапарында Бишкектен кийин Казакстан менен Тажикстанга расмий сапар менен барат. Бишкекке келгенге чейин ал Өзбекстанда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM