Биз менен байланышыңыз

Министрлик балдарды мектепке 5,5 жаштан кабыл алууну сунуштады

Билим-маданият , Коом | 7 Июн 2023 | 1922 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды беш жарым жаштан мектепке кабыл алууга уруксат берүүнү сунуштады. Бул Министрлер кабинети жана депутаттар тарабынан демилгеленген «Билим берүү жөнүндө» мыйзам долбоорунда камтылган. Буга чейин бала 7 жаштан мектепке даяр болсо, учурда жаңы изилдөөлөр 5,5 жаштан баштап эле даяр болорун көрсөткөнү айтылды. Бул милдеттүү талап эмес, ата-энелер ыктыярдуу түрдө балдарын беш жарым жаштан мектепке бере алат. Ал эми адистердин пикиринде, баланы бул куракта мектепке берүү эртелик кылат.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясат бөлүмүнүн башчысы Нурзида Касымова учурда билим берүүгө байланышкан беш мыйзам бир топтомдо каралып жатканын маалымдады.

Мыйзам долбооруна ылайык,  бала беш жарым жаштан тарта 1-класска барууга укуктуу.

«Жаңы билим берүү жөнүндө мыйзам долбоорунда балдардын 5,5 жаштан тартып мектепке баруусу каралган. Ал жерде баланын ден соолугу, психикалык жана физикалык абалы да каралат. Эгер 1-класска окуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү болсо, аларга карата эч кандай тоскоолдуктар жаралбайт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 480 сааттык программасы менен 5,5-6 жаштагы балдар мектепке чейинки билимди алып жатышат».

Бул мыйзам долбоору билим берүү чөйрөсүндө ар кандай пикирлерди пайда кылды.

20 жылдан бери башталгыч класстардын мугалими болуп эмгектенген Нургүл Жолдошбек кызы бала 7 жашка толгондон кийин гана 1-класска кабыл алынышы керектигин айтат.

«Баланын беш жарым жашта мектепке барышы туура болбойт деп ойлойм. Программаны өнүгүп кеткен эле бала өздөштүрбөсө, көпчүлүгү өздөштүрө албайт. 7 жаштан 1-класска келген учурда деле 8 жашка чейин тамгаларды таанып, кошуп окуганды үйрөнүшөт. Негизинен 7 жаштан эле мектепке киргени туура болот. Мисалы, бизге 1-класска 6 жаштагы балдар келишет. Ал эми 7 жашта келген баланын өздөштүрүүсү 6 жашка караганда батыраак болот».

Билим берүү тармагы боюнча адис Венера Акматова балдардын беш жарым жаштан мектепке барып, билим алышына мамлекет тарабынан түзүлгөн азыркы шарттар жетишсиз экенин белгиледи.

Адистин айтымында, учурда мамлекеттик мектептердин көбүндө бир класста эле 50-60ка чукул бала окуйт. Ошондуктан класстардагы сыйымдуулукка көңүл буруу керек.

«Балдарды беш жарым жаштан тарта мектептерге кабыл алууну сунуштап жатышыптыр. Биздин мектептер балдардын баарын кабыл алууга канчалык даяр? Шаардын мектептеринде кандайдыр бир деңгээлде мүмкүнчүлүк бар дейли. Бирок шаардын мектептеринде деле балдардын саны аябай көп. Класстар дайыма жетишсиз. Ал тургай класстарда парта, стол сыяктуу керектүү эмеректер аз. Бүгүнкү күндө бир класста 60-70 бала окугандар бар. Ал эми нормаларга ылайык, бир класста ашып кетсе, 30 бала окушу керек. Ал эми айылдагы мектептерди айтпай эле коёюн».

Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 5-июндагы жыйынында да көтөрүлдү. Депутат Айбек Маткеримов балдарды беш жарым жаштан мектепке берүү сунушун сынга алды.

Ошондой эле ал Билим берүү жана илим министрлигинен бала мектеп программасын кайсы куракта толук кандуу өздөштүрүп кете аларын аныктоону талап кылды.

«Балдарыбыздын беш жарым жаштан баштап окуганга мүмкүнчүлүгү бар экени атайын изилдөөлөрдүн натыйжасында тастыкталды деп жатасыңар. Бизде конкреттүү түрдө кандай изилдөөлөр жүргүзүлдү? Ким айта алат? Бала бакчага барып туруп, анан 1-класска барганы жакшыбы же беш жарым жаштан дароо мектепке барганы туурабы? Канча жашта мектепке барган баланын өсүү деңгээли жогору болот? Ушуларды тактап, анан киргизсеңер».

Учурда мектепке балдар 6-7 жаштан кабыл алынат. Өткөн жылы өлкө боюнча 160 миң бала 1-класска барган.

2023-2024-окуу жылына кабыл алуу 10-11-апрелде жүргүзүлүп, учурда 11 миң 47 бала каттоодон өттү.

Copyright © 2017 Maral FM