Биз менен байланышыңыз

Абактагы адамды качырууга шектелген милиционерлер кармалды

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 182 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

«Абактагы адамды качырган» деген шек менен эки милиционер кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, кечээ, 5-июнда Ички иштер министрлиги өтө оор кылмыштарга шектелип, камакка алынган Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Сабыров Кушубек Талантбекович Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткенин кабарлаган.

Бул жагдай боюнча Ысык-Ата райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (шалаакылык) менен иш козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө, абактагы адамдын качып кетүүсүнө убактылуу кармоочу жайдын нөөмөтчү-милиционери Ж.Т.К.нын жана дагы бир милиционер Д.Б.К.нын көмөктөшкөнү аныкталган.

Фактылардын негизинде качырууга шектүүлөр камакка алынган. Учурда тергөө уланып жатканы кабарланды.

Ысык-Атада оор кылмыштарга шектелген адам абактан качып кетти

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM