Биз менен байланышыңыз

Ысык-Атада оор кылмыштарга шектелген адам абактан качып кетти

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 691 | 0

Бүгүн, 5-июнь түнкү саат 01:40 чамасында Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Балыкчы шаарынын 1994-жылы туулган тургуну Сабыров Кушубек Талантбекович изделүүдө. Бул  тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына ушул жылдын 30-май күнү өткөн.Издөөдө жүргөн жаран Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон.

Абактагы Кушубек Сабыров нөөмөттөгү милициянын сержанты Ж.Т.га ооруп жатканын айткан. Сержант камерадан өзүнчө бөлмөгө алып кирген маалда Сабыров «жүрөгүм ооруп жатат» деп, дары сураган. Милиционер нөөмөт бөлүмүнө барып дары алып келгенде Сабыров сержанттын алкымына бычак такап, жерге жаткырып, колуна кишен салып, бутун матрацтын айрындысы менен байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, убактылуу кармоочу жайды ачып, качып кеткен.

Окуя болгон жерден бычак, аттиш, матрацтын айрындысы, темир кишен, андан тышкары убактылуу кармоочу жайдын сыртындагы батыш тарабынан уюлдук телефон табылган. Окуя боюнча  тийиштүү багыттамалар берилип, Мамлекеттик чек ара кызматына Сабыров Кушубек Талантбековичти өткөрүп жибербөөсү тапшырылган. Андан тышкары Чүй облусунун аймагында шектүүнү кармоо боюнча бир канча план киргизилип, изделип жатат.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 368-беренеси (абактан же кайтаруудан качуу) менен иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө. Айтылган адамды көргөндөр болсо, жакынкы жердеги милиция бөлүмүнө же «102» кыска номуруна кабарлап коюуну Ички иштер министрлиги өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM