Биз менен байланышыңыз

Жайкы эс алууда балдар эмне менен алек болушат?

Коом | 6 Июн 2023 | 519 | 0

Мектептерде окуучулар жайкы каникулга тараганына байланыштуу көпчүлүк ата-эне балдарын эс алууга жиберүүнү пландайт. Бирок ата-энелер балдары лагерде эмне менен алек болот, анын канчалык пайдалуу экенине маани беришпейт. Адистер баланы жайкы лагерге жиберүүдөн мурун программасы менен дыкат таанышып чыгууну сунуштайт. Ошондой эле балдар убактысын жай бою бош өткөрбөгөнү жакшы. Жайкы эс алууну балдар үчүн кантип пайдалуу өткөрүү керек? 

Өлкөдө жыл өткөн сайын балдар үчүн эс алуу лагерлеринин саны көбөйүүдө. Бул жайларда алар эс алуу менен бирге билим деңгээлин, дүйнө таанымын кеңейтип, жаңы достор менен таанышып келишет.

«Элим барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду жыл сайын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына жайкы лагерь уюштуруп келет. Фонддун жетекчиси Айдар Кубанычбеков 9 жаштан 13 жашка чейинки 140ка чукул бала эс аларын билдирди.

Иш-чара атайын түзүлгөн программанын негизинде өтөт. Ошондой эле ал фонд уюштурган лагердин артыкчылыктары тууралуу айтып берди.

«Кыргызстан боюнча жалпы ата-эне мээриминен ажырап калган, фонддун каттоосунда турган муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына, ошондой эле Баткен окуясынан жабыр тарткан, көзү өтүп кеткендердин балдар-кыздарына лагерь уюштуруп келгенбиз. Жалпы 130, 120, 140тын тегерегиндеги баланы чогултабыз. Биз балдарга убакытты туура пайдаланганды үйрөтүшүбүз керек. Биздин программа жөн эле барып, эс алып келүү эмес, балдарды китеп окутканга атайын конкурстар бар. Интеллектуалдык оюндар бар. Мындан сырткары психологдордун жардамы менен балдарга туура багыт берүүгө аракет кылабыз».

«Жаакер» лагери төрт жылдан бери жайкы эс алуу уюштуруп келет. Лагердин негиздөөчүсү Мухтар Атаналиевдин айтымында, ал жакта балдар кыргыздын каада-салтын, улуттук оюндарын үйрөнүшөт. Баргандар жети күн телефондон алыстап, улуттук баалуулуктар менен таанышат.

«Биздин эң негизги максатыбыз бала кыргыз экенин сезиши керек. Тоого алып чыгып, жүрөгүн ойготконго аракет кылабыз. Аларга кыргыздын илгеркиси, келечеги, улуттук баалуулуктарынын мааниси, жашоодо болсо кандай, болбосо кандай, ушуларды балдардын жүрөгүнө сиңиргенге аракет кылабыз. Быйыл да лагерди 7-10 күнгө уюштурууну пландап жатабыз. Спорттук оюндарды үйрөнүшөт. Жети күн ичинде атайын даядалган программаны өтүп жетишебиз. Биздин балдар, тилекке каршы, телефонго көнүп калышкан. Ошондуктан азырынча жети күн телефонсуз жүрүшөт. Алдыда жыйырма бир күндүк программалар бар».

Бишкек шаарында да 39 мектепте 5-июндан 30-июнга чейин жайкы лагерлер ачылды. Мектеп лагеринде балдар ийримдер менен алектенип, маданий саякаттар, спорттук оюндар, сынактар жана башка нерселер уюштурулат.

Ар бир мектеп лагерине медициналык кызматкер, борбордун ички иштер башкы башкармалыгынын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору бекитилип, коопсуздукту мектептин күзөт кызматы камсыздайт.

Педагог Саадат Сатарова балдар үчүн жайкы мектеп лагерлерин уюштурууну туура көрөт жана шаардагы балдарды айылдарга жиберип, эмгекке үйрөтсө, жакшы болорун айтат.

«Үч айлык каникулда балдар, айрыкча, шаарда жөн отуруп калбашы керек. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жайкы лагерлерге барышына шарт түзүү керек. Мындан сырткары мектептердин алдында убактылуу лагерлерди уюштурса болот. Ал жактан балдарга китеп окуу, тарбиялык сааттарды өтүү зарыл. Мугалимдер да даярданып, атайын сабактарды өтүшү керек. Ата-энелер өздөрү бош болбой калса, балдарын айылдагы чоң ата-чоң апаларына жөнөтсө болот. Айылдарда балдарды эмгекке үйрөтүүгө мүмкүнчүлүк бар».

Биз «Балдарга жайкы эс алууну кантип пайдалуу уюштуруу керек?» деген суроо менен психологдорго да кайрылдык. Балдар психологу Жакшылык Жыргалбековдун пикиринде, ата-энелер балдары үчүн жайкы эс алууну алардын жаш өзгөчөлүгүнө карата даярдашы керек.

«Баланын жашына жараша эс алуусун даярдоо керек. Мектеп жашындагыларга атайын лагерлер бар. Бул мезгилде балдарды социалдаштыруу керек. Алардын башка балдар менен мамиле түзүшү — өтө маанилүү. Бала бекер калбашы керек, себеби ал саат сайын өнүгүп турат. Баланын кызыгуусуна жараша алектене турган нерсесине шарт түзүү керек. Эгер ата-эне өзү чечип койсо, анда кандайдыр бир карама-каршылыктар пайда болуп калат».

Мындан сырткары адистер учурда балдар интернетке көз каранды болуп, бири-бири менен сүйлөшпөй, коомдон алыстап бара жатканын белгилеп, биринчи кезекте каникулда балдарды интернеттен алыс кылып, ар тараптуу өнүктүрүп, алаксытуу керектигин айтышууда.

Copyright © 2017 Maral FM