Биз менен байланышыңыз

«Сууну чакалап ташып жатам». Дыйкандарды түйшөлткөн сугат суу

Коом , Экономика | 6 Июн 2023 | 792 | 0

Өткөн жумадан бери Бишкек менен Чүйдө суу маселеси курч көйгөй болууда. Негизи өлкөдө жыл сайын жазында дыйкандарды сугат суу маселеси түйшөлтөт. Дыйкандар эгин өз убагында, жеткиликтүү сугарылбаса, түшүм начар болуп, базар баасы да төмөн болорун айтышат. Былтыр күн жылыган мезгилде сугат суу таңкыс болуп, айрым аймактарда эгин күйүп кеткен.

40 жылдан ашуун убакыттан бери дыйканчылык менен алектенип келген Ош шаарынын тургуну Балтабай Миралиев быйыл мурдагы жылдарга караганда да сугат сууга болгон муктаждык көп болорун айтат. Анткени сугат мезгили баштала электе эле суу таңкыстыгы пайда болгон.

«Суу маселеси өтө татаал, азыр сугат мезгили баштала элек, сугат суу таңкыс болуп жатат. Учуру келгенде өтө тартыш болору байкалууда. Ушул күндөрдө Араван районунда, ага жакын айылдарда суу маселеси өтө оор. Эгин баш алган мезгилде эң аз 36 саат сугарылышы керек, анткени суу 35-40 см чейин жерге сиңүүсү зарыл. Азыр 36 саат эмес, 18 саат араң алабыз. Түшүм жакшы болушу үчүн сууну убагында, жеткиликтүү берүү керек. Антпесе түшүм начар болот, базардагы баасы да төмөн болуп, биздин эмгек жерде калат».

Анара Дубашева Кант шаарынын тургуну, дыйканчылык менен алектенгенине төрт жылдын жүзү болду. Быйыл жыл башынан эле сугат суу маселеси жаралган. Ал сууну бир канча аралыктан чакалап ташып, чарбагындагы эгинин сугарып жатканын айтты.

«Суу маселеси кыйынчылык жаратып жатат. Биз бул айылга келгенден бери эч чечилбей койду. Ичүүчү суу да, сугат суу да — чоң көйгөй. Азыр «артезиан чыгарабыз» деп, эски түтүктөрдүн баарын казып салышкан. Огород сугарганды кой, ичкенге суу жок. Отуз градус ысыкта чакалап ташып сугарып жатам, чакалап куйган сууга тойбойт да өсүмдүк, жер какшып турат. Эми сабыр кылып турабыз, «он күндүн ичинде маселени чечебиз» деди».  

Чүй суу чарба башкармалыгынын башчысы Эрлан Омуралиевдин айтымында, суу түнкүсүн суук болгонуна байланыштуу тартыш болуп жатат. Ошондой эле ал дыйкандарды суу жетпеген жерлерге сууну көп талап кылган эгин айдабоого, жер сугарууда заманбап ыкмаларды колдонууга чакырды.

«Жылдан жылга суунун көлөмү азайып, тартылып баратат. Биз жаңы технологияларды колдонууга өтүшүбүз керек. Тамчылатып сугаруу, чачыратып сугаруу жолу менен сууну үнөмдөп колдонушубуз керек. Дыйкандар менен жазында, күзүндө жолукканда «алыскы, кургак, суу жетпеген жерлерге сууну көп талап кылган үрөн сеппегиле. Мүмкүн болушунча, андай жерлерге сууну аз талап кылган, көп жылдык эгин айдагыла» деп айтабыз. Дыйкан өзү билгенин себет экен. Мына ушундан улам да сугат суу маселеси жаралууда».

Суу чарба кызматынын директору Алмазбек Сокеев да суу тартыштыгын аба ырайына байланыштырат.

«2023-жылы биз пландагандай болбой калды. Аба ырайы мындай болот деп күткөн эмес элек. Себеби абанын температурасы түнкүсүн төмөн болгондуктан, мөңгүлөр эрибей, суу толбой калды. Бүгүнкү күндө эң чоң көйгөй Талас облусунда болуп жатат. Ал эми калган аймактарда туруктуу эле».

Суу маселеси — бир канча жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан көйгөй. Быйыл сугат суу көйгөйүн чечүү үчүн Суу чарба тармагында мамлекеттен 4,4 млрд сом бөлүндү. Былтыр ушул тармакка 1 млрд сомдон ашык каражат берилген. Ошентсе да азыркы тапта дыйканчылык аймактар деп эсептелген Ош, Баткен, Талас жана Чүй облустарында бул көйгөй курч бойдон турат.

Copyright © 2017 Maral FM