Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер боюнча комитети 6-июндагы жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган үч талапкерди жактырды.
«Ата журт — Кыргызстан» фракциясы жана «Мекенчил» депутаттык тобу Алтынбек Кубатбековдун талапкерлигин көрсөткөн.
Ал эми «Ынтымак» фракциясынын талапкери Мирлан Коңурбаев комитет жыйынына келген жок.
Үчүнчү талапкер «Элдик» фракциясынан Калысбек Боронбаев.
Эми 7-июнда Боршайкомдун мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлерди парламент жалпы сессияда талкуулайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсүнүн орду Акылбек Эшимов кармалгандан кийин бошогон. Быйыл 11-майда Жогорку Сот БШК мүчөсү Акылбек Эшимовду ири өлчөмдөгү алдамчылыкка байланыштуу күнөөлүү деп тапкан.
Боршайкомдун мүчөлөрү беш жылга шайланат.