Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Абакта кыйноо ыкмасын колдонгон 39 күч кызматкери жоопко тартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 232 | 0
Иллюстрациялык сүрөт

Кыйноолор менен күрөшүү боюнча ийгиликтүү кадамдардын бири — полициянын тергөө жайлары менен иш бөлмөлөрүнө дайым иштеген көзөмөл камераларын орнотуу. Бул тууралуу Казакстандын Башкы прокуратурасы расмий сайтына жарыялады.

Маалым болгондой, Казакстандын Башкы прокуратурасы полиция бөлүмдөрүнө жана абактарга текшерүү жүргүзүп, көзөмөл камера орнотулбаган 5812 аймак, коюлгандан бери бир да жолу иштебеген 900 көзөмөл камера бар экенин таап чыккан.

Башкы прокуратура жагдай боюнча иш козгоп, Жазаларды аткаруу мекемелеринин жана ИИМдин борбордук аппаратынын 19 жетекчисин тартиптик жазага тарткан.

Атайын сунуштун негизинде Казакстандын абактарына жана полиция бөлүмдөрүнө 3783 көзөмөл камера орнотулган. Учурда имараттарга свет коюу иштери жүрүп жатканы айтылды.

Казакстан башкы прокурорунун орун басары Ички иштер министрлигинде тиешелүү мекемелердин жетекчилери менен кыйноолорду болтурбоо боюнча кеңешме өткөрүп, анда күч түзүмдөрүнүн 39 кызматкери 88 жаранга кыйноо ыкмаларын колдонгону аныкталганын, алар кылмыш жообуна тартыларын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM