Биз менен байланышыңыз

Прокурордун үй-бүлөсүнө берилүүчү 21 млн сом 1,5 млн сом болуп өзгөртүлөт

Саясат | 6 Июн 2023 | 1333 | 0

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитетинде «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы жактырылды. Долбоордо прокуратура кызматкерлери иш милдеттерин аткарып жүрүп каза тапкан же майып болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө берилүүчү кенемтенин көлөмүн азайтуу маселеси көтөрүлгөн. Ага ылайык, «20 жылдык эмгек акысын кенемте катары берүү» жобосу «20 айлык эмгек акысын берүү» деп өзгөртүлгөн. 

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети шейшембидеги жыйынында «КР прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоорду биринчи окууда карап, көпчүлүк добуш менен кабыл алып беришти.

Долбоорду мамлекет башчысы демилгелеп, мыйзамды кенемте суммасы бюджетке оорчулук келтирбей тургандай жана укук коргоо органдарынын үй-бүлөсүнө колдоо боло тургандай негизде өзгөртүп жазып чыгууну Каржы министрлигине тапшырган. Жаңы өзгөртүүлөрдө «20 жылдык эмгек акысын кенемте катары берүү» жобосун 20 айлык эмгек акысына азайтуу сунушталган.

Жыйында баяндама жасаган каржы министри Алмаз Бакетаев белгилегендей, өзгөртүүнүн максаты өлкө бюджетинин чыгашасын азайтуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери милдеттерин аткарып жатып курман болгон же майып болгон учурда үй-бүлөсүнө бир жолку жөлөк пул берүүдө тең өлчөмдү сактоо болуп саналат.

«Конституциянын 84-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, мамлекеттик камсыздандыруу органдары прокуратура органдарынын сунуштамасы боюнча бюджеттин эсебинен камсыздандыруу суммасын, анын ичинен прокурор жана тергөөчү кызматтык милдетин аткарып жатып курман болгондо төлөп берет. Өткөн жылы мамлекттик кызматкерлердин, анын ичинен прокуратура кызматкерлеринин да маянасы жогорулаган. Анын негизинде коомчулукта прокурорлорго каза болгон учурда төлөнүүчү 21 млн сом сынга кабылган. Айлык акы төлөнгөнгө чейин төлөмдөр 9 млн сомдун тегереги болчу. Прокурор жана тергөөчү иш учурунда каза болгон маалда анын үй-бүлөсүнө кызматкердин акыркы эмгек акысы боюнча 20 жылдык эмгек акысына тең бир жолку компенсация төлөнө турган болсо, мыйзам долбоорунун негизинде анын ордуна 20 айлык орточо эмгек акысынын бир жолку жөлөк пул төлөнөт. Жаңы документте маркумдун жакындарына кызматкердин 20 айлык эмгек акысына тете кенемте берүү сунушталып жатат. Ал эми прокурор жана тергөөчү иш учурунда I топтогу майып болуп калса, мурда 10 жылдык эмгек акысы төлөнчү, жаңы мыйзамда көрсөтүлгөндөй, ага 10 айлык маянасы берилет. II топтогу майып болуп калган кызматкер буга чейин 8 жылдык маянасын алса, эми 8 айлык маянасын чогултуп, жөлөк пул катары алат. III топтогу майып болуп калган укук коргоо кызматкерине 5 жылдык маянанын ордуна 5 айлык маянасын берүү сунушталып жатат».

Мындан сырткары иш учурунда оор жаракат же контузия алган учурларда төлөнүүчү жөлөк пулдун да суммасы кыскартылган.

Өткөн айда парламенттин Бюджет комитети Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаковдун үй-бүлөсүнө 21 миллион сом кенемте төлөп берүү боюнча өкмөттүн сунушун караган. Жол кырсыгынан каза болгон прокурордун үй-бүлөсүнө берилген кенемте Жогорку Кеңеште жана коомчулукта кызуу талкууга кабылган. Жыйында депутат Надира Нарматова мыйзам долбооруна тез арада өзгөртүү киргизүү керектигин сунуштаган.

Андан соң президент Садыр Жапаров прокуратура кызматкерлерине берилүүчү кенемтенин суммасын кайра карап чыгууну тапшырган.

Талкуу маалында депутат Гуля Кожокулова эгерде прокуратура кызматкерлеринин төлөмдөрү кыскарса, анда башка мамлекеттик органдардыкын да кыскартуу керектигин белгиледи.

Бул пикирди депутаттар Дастанбек Жумабеков менен Нурбек Сыдыгалиев да колдоп, бардык тиешелүү мыйзамды бир топтомдо кароону сунушташты.

Иш учурунда каза болгондо кенемте прокурорлорлордон сырткары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК), Ички иштер министрлигинин (ИИМ), Бажы кызматынын, Салык кызматынын жана Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлерине да төлөнөт. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдаган.

Депутат Дастанбек Жумабеков прокуратура органдарынын кызматкерлеринин жумушу оор жана жооптуу экенин белгилеп, алар курман болгон же майып болгон учурда үй-бүлөсүнө акыркы кызмат орду боюнча 24 айлык эмгек акысын бир жолку жөлөк пул катары төлөп берүүнү сунуштады.

«Башкача айтканда, 1 жыл 8 ай эмес, акыркы 2 жылдык эмгек акысын эсептөөнү сунуштайм. Кийинки окууга ушул өзгөртүүлөрдү кигизүүңөрдү суранам».

Депутат Нурбек Сыдыгалиев мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өткөрүү зарылдыгын белгиледи. Мыйзам долбоору конституциялык мыйзам болгондуктан, коомдук талкууга коюлган эмес. 17-майда парламент комитетинде маселе көтөрүлүп, мыйзамга өзгөртүү кыска убакытта киргизилип, бүгүн, 6-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетине киргизилди.

Ошол эле учурда депутаттар иш милдетин аткаруу учурунда каза тапса, канча сом кенемте берилерине кызыккандар да болду. Ага жооп катары Алмаз Бакетаев мамлекеттик кызматкерлерге жана депутаттарга 1 млн сом кенемте берилерин маалымдады.

Жыйынтыгында Прокуратура органдарынын кызматкерлери курман болгон учурда алардын үй-бүлөсүнө жөлөк пул төлөө суммасын кыскартуу сунушун комитет биринчи окууда колдоду.

Copyright © 2017 Maral FM