Биз менен байланышыңыз

Кадамжайдагы жол кырсыктан эки окуучу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Кыска кабар | 6 Июн 2023 | 331 | 0

Кадамжай районунун Өрүкзар айылындагы орто мектептин 9-класстарынын окуучулары жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 1-июнда катталган. Кырсыкка кабылган Hyundai Porter унаасынын ичинде Өрүк-Зар орто мектебинин 9-а-б-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери болгон.

Окуучулар мектепте класс жетекчилери Г.Закирова жана А.Үрүстөм кызы менен биргеликте виньеткага сүрөткө түшүп, андан соң саат 18:30да Өрүк-Зар айылынын спорт аянтчасына барып сүрөткө түшөбүз деп, Hyundai Porter унаасына 25 окуучу чыккан. Унааны А.Үрүстөм кызы айдап бара жаткан. Жолдо унаанын борту (тосмосу) сынып кетип, окуучулар жерге кулап түшкөн.

Белгиленгендей, кырсыктан 9 окуучу Кадамжай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборуна жеткирилип, медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Жыйынтыгында 2 окуучу кыз жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Учурда кыздардын абалы жакшы. Окуучу кыздар 6-июнда томографиялык текшерүүдөн өтүшөт.

Учурда жол кырсыгына кабылган окуучулардын окуясы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Тергөөнүн жыйынтыгына жараша мектеп администрациясына жана класс жетекчилерге тиешелүү чаралар көрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM