Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүктүрүү комитети «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун карады. Долбоордо жылуулук берилген маалда абаны булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосун киргизүү сунушталган. Өкмөт мындай жобо өлкөнү өнүктүрүү программасына каршы келет деген корутундусун берген. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Жогорку Кенештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун карады. Анда абаны булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү сунушу киргизилүүдө. Демилгечи депутаттар: Марлен Маматалиев, Нурланбек Шакиев, Венера Раимбачаева, Айбек Алтынбеков, Камила Талиева, Динара Ашимова, Нурланбек Ражабалиев.
Жыйында баяндама жасаган Марлен Маматалиев долбоор «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамдын 31-беренесин ишке ашыруу жана мамлекеттик көзөмөлдөө тутумун жакшыртуу максатында иштелип чыкканын билдирди.
«Парламенттин комитети ыш маселесине байланыштуу атайын токтом кабыл алган. Бир катар эл аралык уюмдар да илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анда ыш көйгөйүнүн себебинин бири болуп, мончолордо, сауналарда ар кандай нерселерди жагуу экени айтылган. Ошондой жайларды тиешелүү мекеме текшерейин десе, аларга 10 күн мурда, алдын ала айтышы керек. Ишканалар он күндүн ичинде баарын иретке келтирип, тазалап, даярдап коёт. Ошондуктан бардык учурда эмес, жылуулук берилген учурда гана арыз түшкөн ишканаларды күтүүсүз текшерүүгө уруксат берели».
Талкуу маалында Министрлер кабинетинин өкүлү депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, өкмөт каралып жаткан мыйзам долбоору боюнча терс корутундусун бергенин, анын кабыл алынышы өлкөнүн өнүктүрүү программасына каршы келип, бизнеске тоскоолдук жаратарын маалымдады.
Буга жооп катары депутат Султанбай Айжигитов ишкердикти туруктуу өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү коргоо чараларынын маанилүүлүгүнө токтолуп, ишкерлик жаратылышка терс таасирин бербеши керектигин белгиледи.
«Бизнестин жаратылышка тийгизген таасирин эске алсак, жоопкерчиликтүү ишкердикти камсыздоо — турмуштун сапаты жана адамдык капиталдын өнүгүүсү менен тыгыз байланышта. Мындай аң-сезимдүү мамиле жасалмайынча, башка тармактарда жылыш болбойт, өнүгүүгө жетишүү кыйын».
Депутат Нулифар Алимжанова экологияга миллиарддаган чыгымдарды кетирген ишкерлерге 5 миң сом өлчөмүндө айып пул салуу максатсыз экенин белгилеп, экологияны калыбына келтирүү кымбат жана көп убакытты талап кыла турганын эскертти.
«Айып пулдар көбөйүп, бюджетке салым болот дептир. Бирок биз экологияны жоготуп жатпайбызбы? Мен билгенден айып пулдар өтө төмөн. Бизнесмендер талаптарды аткарбай деле айып пул төлөп, ишин улантып кете берет. Өткөндө мончолорду текшерип, 300 миң сом айып пул салыптыр. Ал деген — экологияга миллиондогон зыян. Ушул мыйзамдагы айып пулдарга көңүл буралы. Көзөмөлдөп, текшерип, анан 5 миң сом төлөткөн натыйжалуу эмес».
Экология министрлигинин өкүлү билдиргендей, жаратылышка зыян келтиргендерге карата эң аз 5 миң, эң көп 17 миң сомго чейин айып пул салынат.
Экологиялык техникалык көзөмөл кызматынын өкүлү Бекжан Султангазиев билдиргендей, Чүй менен Бишкекте 305 мончо өткөн жылы текшерилген. Ишкерлерди текшерүү үчүн Экономика жана коммерция министрлигинин уруксаты керек болот. Ал эми меш иштеткен жарандарды Экология министрлиги Экономика министрлигинин уруксаты жок эле текшерүүгө укуктуу.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.