Биз менен байланышыңыз

Бишкекте күндүз жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет

Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 229 | 0

1-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00гө чейин абанын температурасы 28 градуска жеткенде жана андан жогору болгондо Бишкек шаарында жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилет. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, салмагы 18 тоннадан ашкан оор жана чоң габариттүү унаалардын жүрүшүнө убактылуу тыюу салынды. Тыюу салуу тиешелүү уруксаттардын негизинде адамдарды, гуманитардык жардамдарды, көлөмдүү жана атайын жүктөрдү ташыган унааларга жайылтылбайт.

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте шаардын айланасына кошумча жол белгилерин орнотот.

Copyright © 2017 Maral FM