Биз менен байланышыңыз

Навальныйды колдоо акцияларында 90дон ашык киши кармалды

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2023 | 239 | 0

4-июнда Орусиянын бир катар шаарларында өткөн камактагы оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоо акцияларында 90дон ашык киши кармалды. Бул тууралуу «ОВД-Инфо» укук коргоо долбооруна таянып Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Москвада 50дөн ашык, Санкт-Петебургда 10го чукул киши кармалды. Алардын арасында төрт өспүрүм да бар.

Укук коргоочулар кармоолорго «үйлөнгөн шарлар, асфальттагы жазуу сыяктуу күлкү келтирген нерселер жүйө болгонун» белгилешти. Алардын айтымында, иш жүзүндө кармалгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн.

4-июнда камакта отурган Алексей Навальныйдын туулган күнү болду. Бул күнү аны колдоо иретинде тарапташтары дүйнөнүн ондогон шаарында акциялар өтөрүн жарыялаган.

Навальный учурда Владимир облусунун Мелехово шаарчасындагы күчөтүлгөн тартиптеги түрмөдө тогуз жылдык жазасын өтөп жатат. Туулган күнүн оппозиционер түрмөнүн айып изоляторунда (ШИЗО) тосту. Ал ШИЗОго 16-жолу камалганы маалым.

Навальный 2021-жылдын башында Германиядан дарыланып келатканда кармалган. Ага бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыпталган иш боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны «террордук жамаат» түптөгөн деп айыптап жатат. Өзү муну «саясий куугунтук» деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремль муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM