Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги күрөш боюнча турнирде Айпери Медет кызы алтын медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 2 Июн 2023 | 336 | 0

Бишкек шаарында өтүп жаткан Кожомкул Каба уулу жана Раатбек Санатбаев атындагы дүйнөлүк рейтингдик мелдеште Айпери Медет кызы алтын медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 кг салмактагы Айпери Медет кызы квалификациялык беттеште казакстандык Гүлмарал Еркебаеваны 4:1 эсебинде, чейрек финалда украиналык Анастасия Алпееваны 10:6 эсебинде уткан.

Жарым финалда кытайлык Киандинчаанды 6:3 эсебинде жеңип алган.

Финалда кытайлык Юанюан Хуанга бет келип, 5:3 эсебинде утуп алды.

Дүйнөлүк күрөш уюму менен Кыргыз күрөш федерациясы уюштурган рейтингдик турнир борборубуздагы Bishkek Arena спорт комплексинде өтүп жатат. 1-июнда башталган беттештер 4-июнда жыйынтыкталат.

Кыргызстандын капчыгында учурда 1 алтын, 4 коло медаль бар.

Copyright © 2017 Maral FM