Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада «Европа Биримдиги — Борбор Азия» саммити өтүүдө

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 252 | 0

2-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Европа кеңешинин президентинин экинчи жолугушуусу башталды.

Саммитке Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, ЕБ президенти Шарль Мишель, Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери — Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Нурмухаммет Аманнепесов катышууда.

Саммитте аймактар аралык саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун абалы талкууланып, күн тартибиндеги эл аралык актуалдуу маселелер жана Борбор Азия мамлекеттери менен Европа Биримдигинин кызматташтыгы боюнча пикир алмашуу болот.

Мындан тышкары президент Жапаров мамлекет башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Copyright © 2017 Maral FM